КҮЙӨӨ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аялдын эри (аялына карата). Кишимжандай сулуунун, Байназар болду күйөөсү (Үсөнбаев). Канчайым күйөөсүнүн табы жоктугун жакшы түшүндү (Каимов). Жаш келиндин ушул мүнөзү күйөөсүнө бөтөнчө жага турган (Сыдыкбеков). 2. Кыздын кудалаган жигити жана турмушка чыккан кыздын, аялдын эри (кыз тарапка, кыздын өзүнөн улуу ага-туугандарына, эже-жеңелерине карата). Туюнбай барып сынайлык, Күйөө болчу баланы («Курманбек»). Кокус, күйөө күйөөлөп келсе кантебиз? Кийинтсең боло кызыңды, – деди Татыгүл Казатка (Сыдыкбеков). Сапек старчын өткөн жылы Калтабайды күйөө кылууга ашыкты. (Токомбаев). Мал арбыды жүдөдүм, Тогуз кызга тогуз уул, Күйөө таап ала албай, Күйүт тартып жүрөмүн («Эр Төштүк»).